Линктер

жума, 21-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:49

Кылмыштуу топтун “Карышкыр” аттуу мүчөсү кармалды


Мурсалым Өмүрзаков.

Кылмыш дүйнөсүндө “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү Мурсалым Өмүрзаков Аламүдүн райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматкери Эрнис Осмонбаев “Азаттыкка” маалымдады:

- Уюшкан кылмыштуу топтордун ар кандай кылмышка шектүү фактылары текшерилип жаткан. Буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде анын үйүндө тинтүү жүргүзүлдү. Ал учурда эки кичине баштык баңгизат табылды. Азыр эки айга камалды.

Милициянын маалыматында Мурсалым Өмүрзаков Орусияда баңгизатты мыйзамсыз алып жүргөнүнө байланыштуу үч жылга соттолгон. Ал жаза мөөнөтүн жакында эле өтөп бүтүп, Кыргызстанга депортация болгон. ИИМдин маалыматы боюнча кылмыш чөйрөсүндө "мыйзамдагы ууру" статусу бар. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG