Линктер

шейшемби, 13-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:43

Футбол-2018: Орусия Уругвайга утулду


Чемпионат учурундагы бир көрүнүш.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын алкагында жыйынтыктоочу тайпалык оюндардын кезеги башталды. 25-июнда оюн талаасынын ээси Орусия Самара шаарында Уругвай менен беттешти. Эки команда буга чейин эле 1/8 бөлүккө жолдомо алып коюшкан, ошондуктан Орусия – Уругвай оюну тайпада биринчи орун үчүн болду.

Оюндун жыйынтыгында орус футболчулары Уругвайга ири эсеп менен утулду. Жалпы жыйынтык 3:0 болуп, Уругвай биринчи орун менен “А” тайпасын жыйынтыктады. Бул оюнда орустардын мыкты оюнчусу Александр Головин талаага чыккан жок.

"А" тайпасында экинчи жуп Египет менен Сауд Арабиясынын оюну болуп, жыйынтыгында Саудия Египетти 2:1 эсебинде утуп, чемпионаттын алкагында биринчи жеңишине жетти. Ошентсе да эки командага тең чемпионат жыйынтыкталды, ал эми Египет бул чемпионаттан бир да упайы жок үйүнө кайтууда.

Кечээ ошондой эле “В” тайпасында Испания - Марокко жана Португалия - Иран командаларынын оюну болуп, эки жуп атаандаштары менен тең-тең ойношту. Бул жыйынтыктар Испания менен Португалияга 1/8 финалдык бөлүккө жолдомо алып келсе, Марокко менен Иранга дүйнө чемпионаты расмий жыйынтыкталды.

Бүгүн үчүнчү тайпалык оюндар уланат. “С” тайпасынын алкагында Австралия - Перу, Дания - Франция, ал эми “D” тайпасында Нигерия – Аргентина жана Исландия – Хорватия командалары ойношот. (SDz)

XS
SM
MD
LG