Бишкек-Ош жолунда кечээ кечинде эки жеңил унаа кагышып, он киши жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кырсык Кара-Көл шаарынын алыс эмес Сары-Булак тилкесинде болгон. Анда "Фольксваген Пассат" жана "Мазда" үлгүсүндөгү эки машине кагылышып, ичиндеги он киши ар түрдүү жараат алган. Кырсыктан жабыркагандар ооруканага жаткырылды.
2018-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстандын аймагында 1580 жол кырсыгы катталган. Жол кырсыктарынан 167 адам каза болсо, анын 20сы балдар болду. Ал эми кырсыктарда жалпысынан 2261 адам жабыркаса, алардын 360ын жашы жете электер түзгөн. (BkA)