Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Быйыл 186 коррупциялык көрүнүшкө бөгөт коюлду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйылкы жылдын төрт айында 186 коррупциялык көрүнүш фактысына бөгөт коюлду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады. Маалыматка ылайык, бул көрүнүштөр 135 миллион сом зыян келтилген.

Өлкө боюнча салыктык кылмыштарга бөгөт коюу максатында 235 текшерүү жүрүп, 1 миллиард 332 миллион сом салык төлөнбөй калганы аныкталып, анын 839 миллион сому кайтарылган. Ошондой эле мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү боюнча 34 кылмыш иши козголуп, 54 миллион сомдон ашык акча мамлекетке өндүрүлгөн.

Финансы полициясы бул аракеттин баары Коопсуздук кеңешинин быйыл февраль айында кабыл алынган чечимин аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. Ал жыйында президент Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG