Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:25

Ысык-Көлдө эки адам чөгүп кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда Ысык-Көлгө чөгүп кетип каза болгон эки адамдын бири 16 жаштагы өспүрүм болгон. Ал Тоң районундагы Кекилик деген жерде чөгүп кеткен. Баланын сөөгү жакындарына тапшырылды. Ал эми Чок-Тал айылындагы пансионаттардын биринен 24 жаштагы жаран сууга чөгүп, каза болгон. Анын сөөгү жергиликтүү милицияга өткөрүлүп берилди.

Ушул күндөрү Ысык-Көлдө эс алуу сезону башталып калды. Кыргызстанда былтыр 50дөн ашык адам ар кандай кырдаалда сууга чөгүп каза болгон. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG