Жумгалдын Миң-Куш айылында көчкү коркунучу бар уран калдыктары сакталган аймактагы 23 үй-бүлө коопсуз жайга көчө элек. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов менен жолугушкан учурда билдиргенин фракциянын басма сөз бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, өкмөттөн үй-бүлөлөрдү көчүрүш үчүн 200 миң сом бөлүнгөн. Бирок жергиликтүү тургундар ал каражат жаңы там салууга жетишсиз болуп жатканын айтышууда. (TSh)