Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:23

Кыргыз-казак чек арасын демаркациялоону парламент кийинкиге калтырды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитети Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын демаркациялоо боюнча келишимдин долбоорун талкуулоону кийинкиге жылдырды. Буга эки өлкөнүн ортосундагы чек араны демаркациялоо иши толук бүтпөгөнү себеп болду.

Өкмөттүн чек араларды тактоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Курбанбай Искандаров тактоо иштери 50 пайызга аткарылганын билдирди.

Депутаттар Таластагы, Токмоктогу чек ара сызыгы такталып бүтмөйүнчө долбоорду парламентке алып келүү эрте экенин белгилеп, маселени кароодон баш тартышты.

Кыргызстан менен Казакстан чек арасынын узундугу 1241 чакырымды түзөт. Буга чейин 2003-жылы чек араны делимитациялоо боюнча келишимге кол коюлган, 2008-жылы парламент ратификациялаган. Ал эми такталган чек араны укуктук жактан бекитүү же демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр былтыр жыл аягындагы кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековдун Казакстандагы сапарында жүргөн эле. (BkA/KJ)

XS
SM
MD
LG