Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Шаардык сот “Вечерний Бишкектин” мурдагы ээси боюнча өкүмдү күчүндө калтырды


"Вечерний Бишкек" гезити.
"Вечерний Бишкек" гезити.

Бишкек шаардык сотунун коллегиясы “Вечерний Бишкек” басма үйүнүн мурдагы ээси Александр Кимге карата райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Буга чейин Свердлов райондук соту 20-февралда Александр Кимди алты жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Алты жылдык шарттуу жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү болуп эсептелет. Ошондой эле сот аны "Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирген болчу.

Александр Кимге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Коммерциялык мекеменин кызматкеринин ыйгарым укуктарынан аша чабышы" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Буга “Вечерний Бишкектин” азыркы ээси Александр Рябушкиндин арызы негиз болгон.

Александр Ким менен Александр Рябушкиндин ортосундагы чыр көптөн бери уланып келатат. Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы анын басылмадагы үлүшүн Ким тартып алганын билдирип чыккан. Сот анын арызын канааттандырып, “Вечерний Бишкекти” толугу менен Александр Рябушкинге өткөрүп берген эле.

Ошондон кийин Рябушкин 2005-жылдан 2014-жылга чейин гезиттен түшкөн кирешеден куру калганын айтып, Кимден 400 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко экинчи ирет кайрылган болчу. Ошол арыздын негизинде Александр Ким шарттуу түрдө кесилип отурат.

Буга чейин Александр Кимге кылмыш ишинин козголушун "Сөз эркиндигин коргоо комитети" журналисттерге жана маалымат каражаттарына бийликтин көрсөткөн басымы катары сыпаттаган. (BkA)

XS
SM
MD
LG