Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Йемен: аба чабуулдарынан бир нече киши курман болду


Амрандагы аба чабуулдарынан талкаланган жерде турган аксакал. 25-июнь, 2018-жыл.
Амрандагы аба чабуулдарынан талкаланган жерде турган аксакал. 25-июнь, 2018-жыл.

Йемендин Амран шаарына абадан коюлган чабуулдардан тогуз киши курман болду. Жергиликтүү тургундар Сауд Арабиясы баштаган коалиция абадан сокку уруп жатканын айтышууда. Курман болгондордун көбү балдар жана аялдар. Оорукананын өкүлү жабыркагандардын саны жыйырмага чукул экенин билдирди.

Аскердик лагерге, полиция бекетине, почта бөлүмүнө да абадан сокку урулду. Амран шаарынын бийлиги өлгөндөрдүн санын жашырып, журналисттердин калаага киришине бут тосту. Эки жума мурун ушул эле коалициянын аба чабуулдарынан Саады провинциясында да бир үй-бүлөнүн сегиз мүчөсү жарыкчылык менен кош айтышкан.

Йемендеги куралдуу кагылышуу 2014-жылы чыккан. Жергиликтүү шиит жамааты жана "Иран колдойт" деп эсептелген хуситтер өлкөнүн түндүк-батыш бөлүгүн, борбор шаар Сананы жана Кызыл деңиздин жээгиндеги Ходейда порттук шаарын 2015-жылдан бери ээлеп турушат. Андан берки куралдуу кармаштарда 10 миңдей киши кырылды, алардын үчтөн эки бөлүгү жайкын тургундар.

Йемендин өкмөтчүл күчтөрү жана Сауд Арабиясы башында турган коалиция 13-июнда Ходейда шаарын жана портун хусит козголоңчуларынан тартып алуу операциясын башташты.

XS
SM
MD
LG