Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Орусияда өрттөнгөн келиндин өлүмү боюнча күйөөсү кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ленинград облусунда өрттөн каза болгон кыргызстандык келиндин өлүмү боюнча анын 34 жаштагы күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлашты. Андан алынган маалыматка ылайык, кылмышка шектүү алдын-ала көрсөтмөлөр боюнча кармалды. 27-июнда анын бөгөт чарасы аныкталат.

Каза болгон келиндин сөөгү 27-июнда Кыргызстанга жөнөтүлөт. Буга Санкт-Петербургдагы ардактуу консулдук, кыргыз диаспорасы жана келиндин жердеши акчалай жардам көрсөткөн.

Ал эми каза болгон келиндин жанында өрттөн жабыркаган 19 жаштагы кыргызстандык учурда Шлиссельбург шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Аны Ленинград облустук ооруканасына которуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Буга чейин орусиялык маалымат каражаттары Орусияда белгисиз бирөөлөр кыргызстандык келинди өрттөп кеткенин жазган. Окуя Ленинград облусунда болгон. Шлиссельбург шаарынын аймагында 24-июнга караган түнү өрттөнгөн соода күркөлөрүнүн биринен кыргызстандык келиндин күйгөн сөөгү табылган.

Ал эми өрттөн оор жаракат алган 19 жаштагы жигит аларды түн ичинде белгисиз бирөөлөр бензин чачып өрттөп кетишкенин айтып берген.

Маалыматтар боюнча, маркум 27 жаштагы Ысык-Көл облусунун тургуну болгон. Үч жаштагы жана жети айлык эки баласы бар келин үй-бүлөсү менен Орусияда эмгектенип жүргөн. Жолдошу 34 жаштагы Кыргызстандын жараны.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. (BkA)

XS
SM
MD
LG