Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 06:27

АКШ: Жогорку сот Трамптын мигранттарды чектеген буйругун колдоду


Вашингтондун Даллас аэропортуна учуп келген чет элдик жарандар. 26-июнь, 2017-жыл.

Кошмо Штаттардын Жогорку соту президенти Дональд Трамптын иммиграция боюнча буйругун колдоду. Бир жыл мурун кол коюлган буйрукка ылайык, бир катар өлкөлөрдүн жарандарына АКШга кирүүгө чектөө киргизилген. Мындай чектөө Ирандын, Йемендин, Ливиянын, Сириянын жана Сомалинин жарандарына тиешелүү. АКШда убактылуу жашоо укугу же "жашыл картасы" бар адамдарга жана буга чейин виза алгандарга жаңы чектөө колдонулбайт.

Жогорку соттун башкы судьясы Жон Робертс администрация улуттук коопсуздукту камсыз кылууну негиз кылып, ага жетиштүү далилдерди келтире алганын жүйө кылды. Трамп Жогорку соттун чечимин америкалыктардын жана Конституциянын “чоң жеңиши” катары баалады.

Президент Трамп алгачкы иммиграциялык буйругуна былтыр 27-январда кол койгон. Ага ылайык, Ирактын, Ирандын, Сириянын, Судандын, Сомалинин, Ливиянын жана Йемендин жарандарына АКШга кирүүгө 90 күнгө тыюу салынып, сириялык качкындар белгисиз мөөнөткө чейин АКШга кабыл алынмак эмес. Дароо күчүнө кирген буйрук аэропорттордо адамдардын кармалышына, АКШнын шаарларында ири демонстрацияларга жол ачкан. Акыры Сиэтлдин соту бул чечимди "Конституцияга каршы келет" деп токтотуп койгон.

Көп өтпөй Ак үй жаңы буйрукту иштеп чыгып, ага президент 6-мартта кол койгон. Бул жолу тизмеден Ирак алынып салынган жана “жашыл картасы” бар адамдардын Америкага киришине уруксат берилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG