Курамына Лионель Месси кирген Аргентина командасы түндө Нигерияны 2:1 эсебинде утуп, чемпионаттагы жүрүшүн улантмай болду. Оюндун негизги бөлүгү 1:1 эсебинде аяктап, акыркы мүнөттөрдө Аргентинанын оюнчусу Маркос Рохо эсепти 2:1 кылып, өз командасын 1/8 финалдык бөлүккө алып чыкты. Бул оюнда Лионель Месси бир гол киргизди.
Аргентина менен, күтүлгөндөй эле, кийинки бөлүккө Хорватия командасы чыкты. Хорваттар өз тайпасында үч оюнду катары менен утуп, ишеничтүү 9 упайга ээ болушту.
Ал эми “С” тайпасында Франция жана Дания кийинки финалдык бөлүккө жолдомо алды. Кечээ эки өлкөнүн командасы 1:1 эсебинде тең чыгып, Перу менен Австралияга упай жактан кубалап жетүүгө мүмкүнчүлүк калтырган жок.
Бүгүн “Е” жана “F” тобунун алкагында оюндар уланат. Тагыраагы, Корея менен Германия, Мексика менен Швеция ойнойт.
Ал эми “E” тайпасында Сербия – Бразилия жана Швейцария – Коста-Рика өлкөлөрү акыркы тайпалык оюндарын өткөрөт. (SDz)