Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Эки милиционердин мушташы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги Бишкектеги эки милициянын мушташы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов “Азаттык” радиосуна билдирди.

Биринчи май райондук милициясынын экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш кызматынын башчысы кол астындагы кызматкерин сабап койгону 26-июнда белгилүү болгон. Токмок жеген кызматкердин абалы оор экени айтылууда. Анын баш сөөгү жана мурду сынган, кулагы айрылган. Жетекчи менен кызматкердин ортосундагы чатак эмнеден чыкканы айтылган жок.

Бул окуяга юридикалык баа бериш үчүн материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлдү. Ишти министр Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алды.

Милиция кызматкерлеринин мушташы буга чейин да катталган. 3-июнда Ош облус аралык бириккен клиникалык ооруканасына денесинен жаракат алган милициянын полковниги кайрылган. Облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын жетекчиси аны иш бөлмөсүндө өзүнүн кол алдындагы кызматкери сабап салганын айтып даттанган. Соттук-медициналык экспертизанын натыйжасында бөлүм башчы денесинен анча оор эмес жаракат алганы аныкталган.

“Жетекчисине кол көтөргөн" деп шектелип жаткан милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү”) менен айып тагылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG