Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:40

Трамп менен Путиндин жолугушуусу Хельсинкиде өтүшү мүмкүн


Дональд Трамп менен Владимир Путин.
Дональд Трамп менен Владимир Путин.

АКШ менен Орусиянын президенттери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусу Хельсинкиде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу "Reuters" агенттиги Кошмо Штаттардын администрациясындагы өз маалымат булактарына таянып жазды. Буга чейин эки лидердин кездешүүсү 15-июлда Венада өтүшү болжолдонуп жаткан. Жолугушуунун так күнү жана убактысы расмий айтыла элек.

АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон бүгүн Москвага барат. Мында эки президенттин жолугушуусу сүйлөшүлөт деп пландалууда.

"Politico" басылмасы Хельсинки Орусиядан алыс эмес жайгашканын белгилеп, Путин футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюнуна кайтып келүүгө жетишерин жазды. Мелдеш 15-июлда жыйынтыкталат.

Трамп менен Путин эл аралык саммиттердин алкагында эки жолу жолугушкан жана кеминде сегиз жолу телефондон сүйлөшкөн. Эки лидер 2014-жылы Крым аннексиялангандан бери өзүнчө кездеше элек.

XS
SM
MD
LG