Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:01

Дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизилет

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Кыргызстандагы дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор иштелип жатат. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия даярдап жаткан долбоордун максаты өлкөдөгү дин тутуу эркиндигин өркүндөтүү, диний окуу жайларынын, уюмдардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу болуп саналат. Бул тууралуу ушул мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

Долбоорду талкуулаш үчүн алгачкы жыйын бүгүн Бишкекте өтөт. Ага мамлекеттик органдардын, диний жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, көз каранды эмес эксперттер катышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG