Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:28

Кыргызстанда “Бирик” аттуу саясий партия түзүлдү

"Бирик" партиясынын эмблемасы.
"Бирик" партиясынын эмблемасы.

Кыргызстанда “Бирик” аттуу саясий партия түзүлүп, алдыдагы парламенттик шайлоого катышууга даярданып жатат. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Мирлан Самыйкожо “Азаттыкка” маалымдады.

Партияны түптөөчүлөрдүн бири жана анын лидери, 38 жаштагы жеке ишкер Кылычбек Исамамбетов 2015-жылы “Ата Мекен” партиясынан тизмеде 41-орунда парламенттик шайлоого катышканы белгилүү.

Мирлан Самыйкожонун айтымында, партиянын курамына ар кандай кесиптин ээлери кирген, бирок белгилүү саясатчылар жок. Таанымал өнөр адамдарынан Мирлан Самыйкожо, Азамат Болгонбаев, Жолдошбек Жанжигитов жана башкалар бар. (TSh)

XS
SM
MD
LG