Президент Сооронбай Жээнбековдун парламенттеги кайрылуу сөзү боюнча саясатчылар, коомдук ишмерлер өз пикирин билдире баштады.
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков мамлекет башчынын айткандарына толук кошуларын, бирок реалдуу иштер жүрбөй жатканын белгиледи.
- Акаев, Бакиев, Атамбаев да ушундай сөздөрдү айткан, "адилеттүү өлкө курабыз, тармактарда реформа башталат" деп. Жээнбековдун келгенине бир жылга жакындап калса да камоону кошпогондо реалдуу кадамдар жок болуп атат. Эгерде реформа жүрбөсө камоо менен өлкөнү көтөрө албайбыз. Сот органдарында реформа болбосо өзү айткан камоо “саясий өч алууга” айланып кетет. Азыр дагы ишенич бар, сөздөн ишке өтүш керек, - деди саясатчы.
Бүгүн парламентте президент Сооронбай Жээнбеков коомчулукка жана депутаттарга кайрылып сөз сүйлөдү. Ал акыркы жылдар өлкөнүн коомдук, саясий-экономикалык турмушундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн мезгили болгонун, бирок жетишкендиктерге карабастан учурдагы абал өзгөрүүлөргө муктаж экенин айтты.
"Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөшкө жамынып алып саясий атаандаштардан өч алууга жол берилбейт" деди Жээнбеков. (TSh)