Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:27

Бишкекте мугалимдер дин маданиятын окутууну үйрөнүүдө


"Дин маданиятынын тарыхы” курсун окутуу боюнча тренинг. Бишкек, Кыргызстан. 27-июнь, 2018-жыл.
"Дин маданиятынын тарыхы” курсун окутуу боюнча тренинг. Бишкек, Кыргызстан. 27-июнь, 2018-жыл.

Бишкек шаарында мектеп мугалимдери “Дин маданиятынын тарыхы” курсун окутуудан сабак алып жатышат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова “Азаттыкка” билдирди.

“Дин маданиятынын тарыхы” Кыргызстандын билим берүү системасына 2016-жылы пилоттук долбоор катары киргизилген. Учурда ал жалпы билим берүүчү 10 мекемеде окутулуп жатат. Аны эми өлкөнүн 56 мектебине киргизүү пландалууда. Сабактын максаты диний радикализмдин жана экстремизмдин алдын алуу жана жаштар арасында диний сабатсыздыкты жоюу болуп саналат.

Мугалимдерди “Дин тармагында мамлекеттик саясат жүргүзүү концепциясын ишке ашыруу пландарынын” алкагында Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Билим берүү жана илим министрлиги чогуу окутууда.

27-июнда башталган тренингдер 29-июнда аяктайт. Ушундай эле окутуулар 3-5-июлда Ош шаарында өтөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG