Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 08:21

Таласта Үрмарал тоосунда кен казууга каршылар жыйынга чогулду


Чогулгандар менен айыл өкмөтүнүн башчысы жолукту. 27.06.2018

Бүгүн Таластын Бакай-Ата районундагы Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары аймакта жайгашкан Үрмарал тоосунда кен казуу иштери башталганын айтып, аны токтотуу демилгеси менен айыл борборуна чогулушту.

Жыйынга 100дөн ашуун жергиликтүү эл келип, "алтын кен жайгашкан жер айылдан 20 чакырым гана алыста болгондуктан зыяны тиет" деп казуу иштерин токтотууну талап кылышты.

Кызыл Октябрь айылынын тургуну Бообек Ыбыраев чогулгандардын максаты тууралуу:

- Агып келген мөңгү суусун беш айыл ичет, эгин аянттарыбызды да сугарабыз. Кытайлар азыр баарын казып, сууну булгайт. Алтын чайкаган жерде уу бар. Ошону азыр токтотуп калалы деп чыгып жатабыз, - деди.

Чогулгандар менен айыл өкмөтүнүн башчысы Урмат Тынысов жолукту. Анын айтымында, 2017-жылдын 4-майында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети 315 гектар жерде чалгындоо жүргүзүүгө аукцион өткөргөн. Натыйжада "Полюс голд кейжи" компаниясы дээрлик 11 гектар жерди казып чалгындоо укугун алган.

Компания өз ишин жыйырма күн мурда баштаган. (AlS)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG