Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:26

Чехияда миллиардер Бабиш баштаган жаңы өкмөт кызматка расмий киришти


Чехиянын жаңы өкмөтүнүн кызматка киришүү жөрөлгөсү. Прага, 27-июнь, 2018-жыл.
Чехиянын жаңы өкмөтүнүн кызматка киришүү жөрөлгөсү. Прага, 27-июнь, 2018-жыл.

Прага сепилинде президент Милош Земан катышкан салтанатта ишкер жана миллиардер Андрей Бабиш баштаган өкмөт бүгүн экинчи ирет ант берди.

Бабиштин борборчул ANO ("Ооба") кыймылы былтыр октябрдагы парламенттик шайлоодо алдыга чыгып, азчылыктын өкмөтүн кураган. Бирок январда парламент ишеним көргөзбөй койгондо, кызматын тапшырууга аргасыз болгон.

Коррупция боюнча иликтөөлөргө кабылган Бабиш бөлөк партияларды анын кыймылы менен коалиция түзүүгө ынандырууда кыйынчылыкка туш болду.

Президент Земан Бабишке жаңы өкмөттү куроо мандатын экинчи ирет бергенден кийин ал Социал-демократиялык партияны коалицияга кошуулууга көндүрдү. Бирок Чехиянын 200 орундуу парламентинде ANO кыймылы 78 орунга, социал-демократтар 15 орунга эле ээ. Андыктан жаңы өкмөт 11-июлда парламенттин ишеним көргөзүү боюнча добуш берүүсүндө Коммунисттик партиянын да колдоосуна таянганы жатат.

Бул Чехословакияда 1989-жылы коммунисттерди бийликтен кулаткан "Баркыт ыңкылабынан" бери алар өкмөттүн түзүмүндө кандайдыр ролго ээ болду деген сөз.

Ушул айдын башында Прагада Бабиштин премьер-министрликке дайындалышына каршы 10 миңдей киши демонстрацияга чыккан. Ар кандай деңгээлдеги нааразылык акциялары Чехиянын 200дөй шаар-кыштактарында да өткөн. (UE)

XS
SM
MD
LG