Пенсияга 65 жана 63 жашта чыгышы керек болгон орусиялыктардын биринчи муунунан бул куракка эркектердин 17,4%, аялдардын 6,5% жетпей калышы мүмкүн. Бул тууралуу РБК агенттиги Москвадагы Жогорку экономикалык мектептин (ВШЭ) Демография институтунун эсептерине таянып кабарлады.
Премьер-министр Дмитрий Медведев 14-июнда өкмөттүк жыйында жарыялагандай, алар сунуш кылып жаткан планга ылайык өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлөт. Натыйжада 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга барып аялдар пенсияга 63 жаштан чыгышы керек.
Пенсия курагын көтөрүү, орус өкмөт башчысынын айтымында, “кошумча каражатты инфляцияга жараша индексациялоого, пенсиялык төлөмдөрдү көбөйтүүгө жардам берет”.
Азыр Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Ал эми эркектердин орточо жашоо курагы 65 жаш.
Орус өкмөтү ошондой эле 2034-жылга жетип эркектердин орточо жаш курагы 70ке, аялдардыкы 80ге жетет деп болжолдогон. Бирок өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү тууралуу сунушуна көптөгөн орусиялыктар нааразы болуп, Интернеттеги петицияга 2,3 миллион киши кол койгон.
Оппозициячыл саясатчы элди пенсиялык реформага каршы 1-июлда акцияга чыгууга чакырган.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы кабаралагандай, “Коомдук пикир” деген уюмдун сурамжылоосу боюнча орусиялыктардын 82% пенсия курагы көтөрүлүшүн жактабайт. (UE)