Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:35

АКШнын чабарманы Болтон орус президенти Путин менен жолугат


Жон Болтон.
Жон Болтон.

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Орусиянын президенти Владимир Путин менен да жолугарын бүгүн Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ырастады. Песковдун айтымында, Путин жолугушууда АКШ-Орусия мамилесинин “аянычтуу абалына” көңүл бурат.

Буга чейин Жон Болтон Москвадагы бүгүнкү бир күндүк сапарында жолугуучу эң жогорку өкүл тышкы иштер министри Сергей Лавров болору кабарланган. Анын сапары АКШ менен Орусиянын президенттеринин алгачкы эки тараптуу саммитине даярдык катары каралууда.

Президент Трамп Путин менен “жакын арада” жолугарын өткөн аптанын соңунда америкалык телеканалдардын бири менен болгон маегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирген. Ага чейин 21-июнда Трамп Ак үйдө губернаторлор менен өткөн жыйында анын Владимир Путин менен быйыл июлда “жолугушуу мүмкүнчүлүгү” каралып жатканын айткан.

Трамп менен Путиндин кездешүүсү июль айынын орто ченинде, АКШнын президенти НАТОнун Брюсселдеги саммитине жана Британияга баргандан кийин болот деп күтүлүүдө.

НАТОнун Брюсселдеги саммити 11-12-июлда өтөт, ал эми 13-июлда Трамптын Британияга барышы белгиленген. Эки президенттин жолугушуусу кайсыл жерде өтөрү белгисиз, бирок болжолдуу шаарлар катары Вена менен Хельсинки аталып жатат.

Трамп менен Путин буга чейин былтыр июлда "Чоң жыйырманын" Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Бирок алар өзүнчө эки тараптуу саммит өткөрө элек.

Трамп Путин менен “жакын арада” кездешерин быйыл мартта да билдирген. Бирок андан бери Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу АКШнын быйылкы жаңы санкцияларынан, Британияда мурдагы орусиялык тыңчы ууландырылгандан кийин буга жооп чара катары дипломаттарды чыгаруудан улам Вашингтон менен Москванын мамилеси мурдагыдан да начарлады. Ага чейин алака-катыш Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан, Украинанын чыгышындагы уруштардан, Сирия жаңжалынан улам да бузулган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG