Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:52

Путин Кремлде АКШ чабарманы менен жолугууда

Владимир Путин жана Жон Болтон. Москва, 27-июнь, 2018-жыл.
Владимир Путин жана Жон Болтон. Москва, 27-июнь, 2018-жыл.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон менен кездешип жатып, орус президенти Владимир Путин бүгүн Вашингтон менен Москванын карым-катышын калыбына келтирүүчү кадамдар болот деген “үмүт жаралып жатканына" токтолду:

- Орусия конфронтацияга эч убакта умтулган эмес, бүгүн сиз менен тең укуктуу жана кызыкчылыктарды урматтоонун негизинде толук форматтуу мамилени калыбына келтирүү үчүн эки тарап эмне жасай аларын сүйлөшөбүз деп үмүттөнөм.

Болтон Путин менен жолугушууда АКШ-Орусия алакасын “кантип жакшыртууну талкуулоону жана тараптар макулдашууга жетип, жылыш жасай алуучу чөйрөлөрдү табууну” көздөрүн белгиледи.

Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтондун Москвага бир күндүк сапары АКШ жана Орусия президенттеринин ыктымал саммитине даярдык катары каралууда.

Президент Трамп Путин менен “жакын арада” жолугарын өткөн аптанын соңунда америкалык телеканалдардын бири менен болгон маегинде АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео билдирген. Ага чейин 21-июнда Трамп Ак үйдө губернаторлор менен өткөн жыйында анын Владимир Путин менен быйыл июлда “жолугушуу мүмкүнчүлүгү” каралып жатканын айткан.

Трамп менен Путиндин кездешүүсү июль айынын орто ченинде, АКШнын президенти НАТОнун Брюсселдеги саммитине жана Британияга баргандан кийин болушу мүмкүн деп күтүлүүдө.

НАТОнун Брюсселдеги саммити 11-12-июлда өтөт, ал эми 13-июлда Трамптын Британияга барышы белгиленген. Эки президенттин жолугушуусу кайсыл жерде өтөрү белгисиз, бирок болжолдуу шаарлар катары Вена менен Хельсинки аталып жатат.

Трамп менен Путин буга чейин былтыр июлда "Чоң жыйырманын" Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Бирок алар өзүнчө эки тараптуу саммит өткөрө элек.

Трамп Путин менен “жакын арада” кездешерин быйыл мартта да билдирген.

Бирок андан бери Орусиянын 2016-жылдагы президенттик шайлоого болжолдуу кийлигишүүсүнө байланыштуу АКШнын быйылкы жаңы санкцияларынан, Британияда мурдагы орусиялык тыңчы ууландырылгандан кийин буга жооп чара катары дипломаттарды чыгаруудан улам Вашингтон менен Москванын мамилеси мурдагыдан да начарлады.

Ага чейин алака-катыш Крымдын 2014-жылдагы аннексиясынан, Украинанын чыгышындагы уруштардан, Сирия жаңжалынан улам да бузулган эле. (UE)

XS
SM
MD
LG