Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:37

Химиялык куралга каршы уюмдун укугу кеңейтилди


Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун (OPCW) Гаагадагы кеңешмеси. 26-июнь, 2018-жыл.
Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун (OPCW) Гаагадагы кеңешмеси. 26-июнь, 2018-жыл.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча эл аралык уюмдун (OPCW) жыйынында анын ыйгарым укугу азыркыдан кеңейтилишин 82 өлкө колдоп, 24ү каршы чыкты.

Британия киргизген сунушту АКШ, Евробиримдик колдосо, Орусия, Иран, Сирия жана алардын өнөктөштөрү каршы болду.

Орусиялык өкүлдөрдүн айтымында, ыйгарым укуктун кеңеши Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюмдун келечегине коркунуч жаратат, анткени анын карамагына берилип жаткан маселелер БУУнун Коопсуздук кеңешинде гана талкууланышы керек.

Британия аталган уюмдун укугун кеңейтүүнү Орусиянын мурдагы тыңчысы жана анын кызы алардын аймагында химиялык зат менен ууландырылгандан кийин сунуштаган.

Бул кол салуу үчүн Лондон Москваны айыптаган. Бирок Орусия Британиянын дооматтарын четке каккан.

Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун эксперттери Сириядагы кагылыштар учурунда химиялык куралдар бир нече жолу колдонулганын каттоого алышкан.

Батыш өкмөттөрү Сириядагы химиялык чабуулдар үчүн президент Башар Асаддын күчтөрүн айыптаса, Дамаск жана анын өнөктөшү Москва мындай бүтүмгө макул эмес.

Химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм жакын арада Сириянын Дума шаарында быйыл апрелдеги чабуул боюнча баяндамасын жарыялайт деп күтүлүп жатат.

Думада быйыл 7-апрелде химиялык чабуул катары мүнөздөлгөн окуяда кеминде 49 киши өлүп, 650дөй адам жараат алган. Буга чейинки иликтөөлөр анда хлор газы колдонулганын көргөзгөн. (UE)

XS
SM
MD
LG