Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

АКШнын Жогорку сотунун мүчөсү кызматтан кетти


Энтони Кеннеди.
Энтони Кеннеди.

АКШнын Жогорку сотунун мүчөсү Энтони Кеннеди кызматтан кете турганын жарыялады. 30 жылдан бери бул кызматты ээлеп келген 81 жаштагы Кеннединин кетиши Жогорку соттун багытын башка жакка бурушу ыктымал. Анткени президент Дональд Трампка оңчул көз караштагы адамды дайындоого жол ачылат.

Кеннеди жогорку сот органдарынын курамына 1988-жылы президент Рональд Рейгандын демилгеси менен кирген. Ал бир жыныстуу никени мыйзамдаштырууну, аялдарга бойдон алдырууга уруксат берүүнү колдогон. Обаманын саламаттыкты сактоону камсыздандыруу реформасын (Obamacare) колдоп, өлүм жазасын колдонууну чектеген.

АКШнын Жогорку сотунда 9 судья бар. Алардын бешөөнү республикачы президенттер, төртөөнү демократтар дайынаган.

XS
SM
MD
LG