Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:40

Шаардык сот Канатбек Исаевдин ишин карап жатат


Канатбек Исаев.
Канатбек Исаев.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канатбек Исаев баштаган бир топ кызматкерлердин иши каралып жатат. Соттолуучулардын акыркысына сөз берилгенден кийин чечим чыгышы ыктымал экенин "Азаттыкка" анын тарапкерлери билдиришти.

12-июнда акыркы сөзүн сүйлөгөн Исаев күнөөсү жок экенин жана сот далилдерге көңүл бурбай жатканын айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгы Канатбек Исаевди "2008-2010-жылдары Токмок шаарынын мэри болуп турганда муниципалдык жер участогун жеке компанияга берип койгон жана мэриянын башка кызматкерлери менен сүйлөшүп алып шаардык бюджеттен каржыланчу автобекеттин курулушун өзүнө караштуу ишканага берген" деп айыптаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин ("Коррупция") негизинде кылмыш иши козголгон. Ишти Биринчи май райондук соту карап, Канатбек Исаевди 12 жылга эркинен ажыраткан.

УКМК Исаевди былтыр 30-сентябрда кармаган. Буга "депутат бийликти күч менен басып алууга аракет кылып жатат" деп Интернетте тараган видео себеп болгон. Башкы прокуратура Канатбек Исаевге Кылмыш-жаза кодексинин 27-беренеси ("Кылмышка даярдануу"), 233-беренеси ("Калайман башаламандык") жана 295-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу") менен иш козгогон.

Канатбек Исаев Чүйдөгү Токмок шаарынын мэри болуп 2008-2010-жылдары иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG