Нарын шаарында «Кыргыз шырдагы- VIII» эл аралык фестивалы ачылды. Анын максаты - элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн салттарын жандандыруу жана облус аралык маданий-экономикалык байланыштарды бекемдөө.
Иш-чараны өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгү жана Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңеши Ага Хан фондунун, Соода-өнөр жай палатасынын, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП), Бишкек ишкерлик клубунун колдоосу менен уюштурууда.
Жети облустан жалпысынан 300дөн ашык кол өнөрчү, көркөм өнөр буюмдарын өндүргөн жеке ишкерлер, сүрөтчүлөр, чакан ишканалардын, кооперативдердин, көркөм кол өнөрчүлүк устаттарын даярдоочу окуу жайларынын өкүлдөрү катышып жатышат.
Үч күн аралыгында Нарын шаарынын «Ала-Тоо» стадионунда «Мыкты шырдак», «Илгерки шырдак» кароо-сынактары, көргөзмө-жарманкелер, мастер-класстар, илимий конференция өтүп, концерттик программа тартууланат. (MiK)