Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Помпео: Түндүк Корея мурдагыдай эле АКШга өзөктүк коркунуч жаратат


АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео шаршемби күнү Сенатта сүйлөп жатып, "Түндүк Кореянын Америкага карата өзөктүк коркунучу бүгүн да сакталып турат" деген оюн айтты.

Сенаторлор мамлекеттик катчыга президент Трамптын Ким Чен Ын менен болгон саммиттен кийин "Твиттерге" жазган сөзүн эске салышты. Анда Трамп "Түндүк Кореянын өзөктүк куралы мындан ары Америкага коркунуч жаратпайт" деп жазган.

"Менимче, президент Түндүк Кореянын өзөктүк коркунучунун деңгээли азайганын белгилеген. Мен буга ишенем" деди мамлекеттик катчы.

Дональд Трамп менен Ким Чен Ын 12-июнда Сингапурдагы саммитте Түндүк Кореянын “Корей жарым аралын өзөктүк куралдан толук арылтуу багытында” иш жүргүзүүгө милдеттенме алганын дагы бир жолу ырастаган билдирүүгө кол коюшкан.

Бирок документте Пхеньяндын өзөктүк куралдан баш тартышынын деталдары жана убактысы көргөзүлгөн эмес.

XS
SM
MD
LG