29-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13...18, күндүз 28...33
Таласта түнкүсүн 12...17, күндүз 26...31,
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 29...34,
Нарын менен Ысык-Көлдө түнкүсүн 9...14, күндүз 23...28,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -4...+1, күндүз 11...16 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус болот.