Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 05:07

ПАСЕ Чеченстандагы кумсалардын куугунтукталышын иликтөөгө чакырды


Чеченстандагы кумсаларга каршы куугунтукту токтотууга чакырган Париждеги акция. 20-апрель, 2017-жыл.

Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясы – ПАСЕ Орусиядан Чеченстандагы кумсалар тууралуу өз алдынча жана натыйжалуу иликтөө жүргүзүүнү талап кылган резолюцияны бир добуштан кабыл алды. Анда 2017-жылдагы ЛГБТ өкүлдөрүн дискриминация жана кыйноо менен коштолгон “куугунтуктоо өнөктүгү” токтогонуна карабай, анын кесепеттери азыр да уланып жатканы айтылат.

ПАСЕнин маалыматына караганда, ушул убакка карата Чеченстандан ЛГБТ өкүлдөрүнүн жана алардын үй-бүлөсүнүн 114 мүчөсү чыгып кеткен. Алар Орусиянын башка аймактарына же чет өлкөгө чыгып кетишкени айтылат. ПАСЕ уюмга кирген бардык өлкөлөрдү бул мигранттарды кабыл алууга жана эл аралык колдоо менен камсыз кылууга үндөгөн.

Ассамблея өз резолюциясында эгер Чеченстандагы кумсалардын укуктарынын бузулушу улуттук деңгээлде иликтенбесе, эл аралык көз каранды эмес иликтөө жүргүзүү зарыл деп эсептейт.

Кумсалар куугунтукталып жатканы тууралуу алгач Орусиянын "Новая газета" басылмасы былтыр апрель айында кабарлап чыккан.

Республиканын башчысы Рамзан Кадыров дооматтарды четке кагып, "өлкөдө кумсалар жок" деп билдирген. Эл аралык уюмдар, БУУ, Евробиримдик, АКШ жана башка Батыш мамлекеттери Орусияны кумсаларды куугунтуктоо боюнча кылдат иликтөө жүргүзүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG