Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:39

Айрым памирлик кыргыздар жайында үйүнө барып келгени жатат


Памирлик кыргыздар.
Памирлик кыргыздар.

Учурда Нарында балдарын окутуп жаткан памирлик кыргыздардын айрымдары гана жайкы эс алуу маалында Памирге барганы жатат жана алар кайра кайтып келет. Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик миграция кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан кабарда алардын баары эле Памирге кетип жатпаганы айтылат. “Учурда "Памирге барып келем" дегендерди тажик-ооган чек арасына жеткирүүнү уюштуруу иштери жүрүп жатат. Ал эми жер тилкелери тууралуу айта турган болсок, алар Кыргызстанга балдарын окутуу максатында гана келишкен. Биздин мамлекет алардын бул жерде жашоосуна шарт түзүп берип жатат” деп билдирди Мамлекеттик миграция кызматы.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанга келген памирлик кыргыздарга өкмөт көңүл бурбай, эки үй-бүлө Памирге кайра кетүүгө камынып жатканын билдирген.

- Жер бөлүп берүү каралган экен, бирок азыр бир топ маселелер боюнча өкмөт көңүл бурбай калыптыр. Нарындын элин жылуу тосуп алганына ыраазы экен. Бирок жер маселеси чечилбей жатыптыр. Жакында эки үй-бүлө кетүүгө камынып жатат. Анда бүтүндөй өлкө уят болобуз, - деген депутат.

Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган кыргыздардын 30дан ашыгы ушу тапта Нарындын Куланак айылында жаңыча жашоого ылайыкташуу сыноосунан өтүп жатышат. Ал жакта памирлик боордоштор кыргыз арибин үйрөнүүдө. Алар Кыргызстан менен ооган өкмөтү түзгөн келишимдин негизинде билим алыш үчүн убактылуу келишкен. (TSh)

XS
SM
MD
LG