Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Евробиримдик миграция, Брексит жана евроаймак маселелерин талкуулайт


Евробиримдиктин туусу.
Евробиримдиктин туусу.

Евробиримдиктин лидерлери 28-29-июнда Брюсселде саммитке чогулууда. Анда 28 мамлекет кирген уюмдун ичиндеги талаштуу деп эсептелген миграция, соода жүгүртүү, евроаймак жана 2019-жылдын мартында Британиянын Еврошаркеттен чыгышы тууралуу маселелер талкууланат.

Өзгөчө Европадагы миграциялык кризис, Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан келген мыйзамсыз мигранттарды кабыл алууга жана бөлүштүрүүгө байланыштуу карама-каршылыктар уюмдун биримдигине коркунуч жаратып, ажырымды дагы күчөтүшү мүмкүн деп болжолдонууда.

Саммитти утурлай Европа Кеңешинин президенти Дональд Туск ЕБ лидерлерин миграция боюнча чукул чара көрүүгө чакырды. Ал Евробиримдиктин тышкы чек араларын бекемдөө боюнча жаңы кадамдарды, анын ичинде Түндүк Африкада мигранттарды кабыл алуу боюнча борборлорду түзүүнү сунуш кылды.

Европа Биримдигинин саммити Германиянын канцлери Ангела Меркелге коалициялык өнөктөшү, ички иштер министри Хорст Зеехофер мигранттар боюнча катуу шарт коюп жаткан учурда өтүүдө.

Зеехофер ушул айдын этегине чейин Меркелден качкын макамын сурагандардын санын азайтууну талап кылган. Брюсселге жөнөгөнгө чейин Меркел 2015-жылдагы "Германия 1 миллионго чейин качкын кабыл алат" деген чечимин коргоду. Бирок ал миграция агымы азайып калгандыктан 2015-жылга чейинкидегидей иммиграциялык көзөмөлдү бекем сактоо зарыл экенин белгиледи.

Италиянын жаңы өкмөтү да мыйзамсыз миграция боюнча катаал чараларды сунуш кылып келе жатат. Италия - Түндүк Африкадан деңиз аркылуу келген мигранттар бут койгон биринчи өлкө. Мартта Италияда өткөн шайлоодо “Лига” кыймылы иммигранттар боюнча катаал саясат жүргүзүүгө, мыйзамсыз качкындарды артка кайтарууга убада берип көп добуш топтогон.

Миграция боюнча эл аралык уюмдун эсебинде, быйыл 1-январдан 6-июнга чейин Евробиримдиктин чек арасына Жер ортолук деңизи аркылуу 33,400 мигрант келип, 785и деңизде чөгүп өлгөн. Ал эми былтыр ушул мезгилде 73,078 мигрант келсе, 1764ү деңизге чөгүп кеткен.

XS
SM
MD
LG