VI чакырылыштагы Жогорку Кеңеш бүгүн 28-июлда IV сессиясын аяктады.
Соңку отурумду жыйынтыктап жатып парламенттин төрагасы Дастанбек Жумабеков депутаттардын ишине жогору баа берди:
- Бул чакырылышта өлкө үчүн зор мааниси бар көп маселелерди чечүүдө жогорку кесипкөйлүк менен иштөөнү камсыз кыла алдык.
Ошондой эле Жумабеков парламенттин ишмердүүлүгү боюнча журналисттерге өзүнчө маалымат жыйын курарын кошумчалады. Эл өкүлдөрү кийинки сессияга ушуну менен күзүндө чогулушат. (TSh)