Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:27

Сабалган эгиз кыздардын апасы коомчулукка кайрылды


Токмок жеген кыздардын бири тартылган сүрөт.
Токмок жеген кыздардын бири тартылган сүрөт.

"Өгөй атасынан зомбулук көрдү" деген 10 жаштагы эгиз кыздардын апасы Лора коомчулуктан, бийликтен аны энелик укуктан ажыратпоону суранып жатат. Бул тууралуу ал “Азаттыкка” өзү маалымдады.

Лора мындан кийин кыздарын камкордукка жана көзөмөлгө алаарын айтууда. Ал оор турмуштан улам айрым учурда кыздары кароосуз калганын мойнуна алат.

27-июнда Сокулук районундагы эки эгиз кыз катуу токмоктолуп ооруканада жатканы маалым болгон. Ушундан улам кыздардын энесин укуктан ажыратуу демилгеси көтөрүлгөн.

26-июнда Сокулук районундагы социалдык бөлүмдүн кызматкерлери эгиз кыздардын катуу сабалганын милицияга кабарлашкан. Денесинен жаракат алган кыздар ошол күнү ооруканага жаткырылып, факты боюнча териштирүү башталган.

Кылмышка шектүү катары кыздардын 35 жаштагы өгөй атасы камакка алынды. Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси ("Кыйноо") менен иш козголду. Сурак учурунда кыздардын өгөй атасы аларды тарбиялоо максатында зым менен сабаганын айтып берген.

Ал Сокулук районунда 2015-жылдан бери кыздардын 43 жаштагы энеси менен жарандык никеде жашап келет. (SA/TSh)

XS
SM
MD
LG