Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:51

Таластын Үрмарал тоосунда кен казуу иштери убактылуу токтотулду


Үрмарал кенине байланыштуу митингдин катышуучулары.
Үрмарал кенине байланыштуу митингдин катышуучулары.

Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Марат Мураталиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында бүгүн, 28-июнда алтын кени жайгашкан Бакай-Ата районундагы Акназаров айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик менен Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин орун басары катышкан жыйын болду. Анын жыйынтыгында аймакта кен казуу укугуна ээ “Полюс голд кейжи" аттуу компаниянын ишин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды.

- Айылдык кенештин депутаттары кен боюнча чечим кабыл алаардан мурда элдин пикирин угушу керек болчу. "Коомдук талкуу кылып, кайрадан баштагыла" дедим. Эгер эл макул болсо иштей беришет. Азыр болсо "техниканы алып чыгып кеткиле, казылган жерди калыбына келтиргиле" дедим, - деди Мураталиев.

27-июнда Таластын Бакай-Ата районундагы Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөтүнүн тургундары аймакта жайгашкан Үрмарал тоосунда кен казуу иштери башталганын айтып, аны токтотуу демилгеси менен айыл борборуна нааразы болуп чогулушкан.

Бул маселе бүгүн парламентте да көтөрүлүп, өкмөт элдин талабы боюнча чечим чыгарышы керек экени айтылган.

2017-жылдын 4-майында Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет 315 гектар жерде чалгындоо жүргүзүүгө аукцион өткөргөн. Натыйжада "Полюс голд кейжи" компаниясы дээрлик 11 гектар жерди казып чалгындоо укугун алган. Компания өз ишин жыйырма күн мурда баштаган. (AlS/KE)

XS
SM
MD
LG