Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Дональд Трамп менен Владимир Путин кийинки айда Хельсинкиде жолугат  


Трамп менен Путин.
Трамп менен Путин.

АКШ президенти Дональд Трамп менен Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин 16-июлда Финляндиянын борбору Хельсинкиде жолуга турганын "Рейтер" агенттиги Кремлдеги булактарына таянып кабарлады.

Кремлден эки лидер АКШ менен Орусиянын кызматташтыгынын азыркы абалын жана келечегин, андан тышкары эл аралык проблемаларды талкуулай турганын билдиришкен.

Саммит макулдашылганы 27-июнда Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтондун Кремлдеги сүйлөшүүлөрүнөн кийин айтылган.

Трамп менен Путин болсо буга чейин былтыр июлда "Чоң жыйырманын" Германиядагы жыйынында, ал эми ноябрда Вьетнамда APEC уюмунун саммитинде кездешкен. Бирок АКШ президентинин кызматына Трамп киришкенден бери Вашингтон менен Москва жогорку деңгээлде эки тараптуу, толук жарамдуу сүйлөшүү өткөрө элек.

XS
SM
MD
LG