Кыргызстанда үч айда 176 бала жергиликтүү жарандарга асыроого берилген. Мындан сырткары чет өлкөлүктөр сегиз кыргызстандык баланы багып алган.
Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин адиси Адилет Кудайбердиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда бала багып алыш үчүн 213 адам кезекте турат.
- Негизинен биздин жарандар беш жашка чейин балдарды багып алууну каалашат. Азыр ден соолугуна байланыштуу медициналык жактан түзөтүү бериле турган балдарды да багып алгандар болуп жатат. Тилекке каршы, маалыматтык базада ата-энеси баш тарткан, ден соолугу начар балдар көп.
Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча былтыр 718 баланы кыргызстандык жарандар, 12 баланы чет өлкөлүктөр багып алган. Акыркы алты жылда 6 миң 713 бала асыроого берилген.
Укук коргоочулар акыркы жылдары Кыргызстанда жергиликтүү бала асыроочуларга артыкчылык берген саясат чет өлкөлүктөргө асыроого бала берүү системасын татаалдаштырганын айтып жүрүшөт. Алар талап катуулаганы менен оор операцияга, дарылоого муктаж жетим балдардын көбүн жергиликтүү тургундар эмес, чет элдиктер гана багып алышарын белгилешет. (КЕ)