Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 07:03

Футбол-2018: Бельгия – Англия 1:0


Жапония - Польша оюну. 28-июнь.

Орусияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионатында тайпалык оюндар жыйынтыкталып финалдын 1/8 бөлүгүнө өткөн 16 команда аныкталды.

Акыркы топтук оюнда Бельгия менен Англиянын курама командалары беттешип, Бельгиянын оюнчулары күчтүүлүгүн көрсөтө алды. Жалпы эсеп 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, Бельгия “G” тайпасында ишеничтүү биринчи орунду алса, Англия экинчи сапка жайгашты.

Ошондой эле “Н” тайпасында Колумбия менен Жапониянын командалары чемпионатта жүрүшүн улантат. Ал эми Сенегал жана Польша үчүн чемпионат аяктады.

Бүгүн 29-июнда командалар эс алат жана 1/8 финалдык оюндар эртеңден баштап ойноло баштайт. (SDz)

XS
SM
MD
LG