30-июндан баштап футбол боюнча дүйнө чемпионатында финалдын 1/8 бөлүгүнүн оюндары башталат. Ушул тапта командалардын кийинки атаандаштары аныкталып, төмөндөгүдөй жупта жайгашты:
Франция – Аргентина (30.06.2018-ж. саат 20:00)
Уругвай – Португалия (01.07.2018-ж. саат 00:00)
Испания – Орусия (01.07.2018-ж. саат 20:00)
Хорватия – Дания (02.07.2018-ж. саат 00:00)
Бразилия – Мексика (02.07.2018-ж. саат 20:00)
Бельгия – Жапония (03.07. 2018-ж. саат 00:00)
Швеция – Швейцария (03.07. 2018-ж. саат 20:00)
Колумбия – Англия (04.07.2018-ж. саат 00:00)
Финалдын 1/8 бөлүгүндө утулган командалар чемпионат менен кош айтышып, ал эми утканы чейрек финалга жолдомо алат. Учурда оюнун улантып жаткан 16 өлкөнүн арасынан Африка контитентинен өлкөлөр калган жок, ал эми Азия чөлкөмүнөн жалгыз Жапония кармалып турат.
Орусиядагы футбол боюнча дүйнө чемпионаты 15-июлда жыйынтыкталат. (SDz)