Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:56

ЖАМК: №31 абакта Мелис Аспековго кол салынганы боюнча маалымат текшерилүүдө


Мелис Аспеков.
Мелис Аспеков.

Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматы (ЖАМК) Чүйдүн Молдовановка айылындагы №31 абактагы фактыны териштирип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, 28-июнда түнкү саат 22:30дарда абактагы Мелис Аспеков отурган камерага соттолуучулардын бирөө кирип келип, аны ур-токмокко алган. Аспеков жана анын жанында отурган киши да жеңил жараат алышкан.

- Абактан алынган маалыматка караганда, бирөө кирип келип, эч кандай себеби жок кол салып, ур-токмокко алган. Камерадагылар оор жараат алган эмес. Түндөн бери эле иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Анын себеби азырынча айтыла элек. Кол салган адам кошумча жазасын алат.

Аспековго абакта кол салуу болгонун алгач 28-июндун кечинде Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов "Фейсбук" баракчасына жазып чыккан.

“Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири, активист Мелис Аспеков былтыр октябрда "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалган.

УКМКнын Тергөө башкармалыгы Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыкка даярдык көрүү"), 27-295-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча кылмыш ишин козгоп, натыйжада ал бир жыл, жети айга соттолгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG