Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Февраль, 2021 жума, Бишкек убактысы 18:18

Жумабеков: Он бештей депутат кызматтык батирде жашайт


Жогорку Кеңеш.

Алыскы аймактардан шайланып келген, үй сатып алууга чамасы жок он бешке жакын депутат учурда кызматтык батирде турат. Бул тууралуу парламент спикери Дастанбек Жумабеков бүгүн Жогорку Кеңештин бир жылдык иши тууралуу журналисттерге маалымат берген учурда билдирди:

- Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына караштуу 30 батирлүү үй бар. Бүгүнкү күндө бул батирлерде он бешке жакын депутат жашайт. Алар аймактардан келген, Бишкекте турак жайы жок депутаттар. Мурда айыл өкмөт же мугалим болуп иштеп келген депутаттар бар. Ошолорго кызматтык үй берилип, колдонуп жатышат. Бул чындык. 2015-жылы биз токтом кабыл алып, автоунаадан жана бир жардамчыбыздан баш тартканбыз. Бирок кызматтык батирден баш тартуу болгон эмес. Ал токтомго кирген эмес.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылыштагы азыркы курамы 2015-жылдын күзүндө шайланган.

Үгүт өнөктүгүнүн жүрүшүндө дээрлик бардык партиялар жеңилдиктерден баш тартууга убада беришкен. Бирок 2015-2016-жылдардагы талкууларда парламент депутаттар үчүн кызматтык батирлерден баш тартуу тууралуу мыйзам долбоорун колдогон эмес. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG