Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Парламенттеги ыксыз демилгелер


Жогорку Кеңеш
Жогорку Кеңеш

“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү Жогорку Кеңештин 6-чакырылышында көтөрүлгөн популисттик демилгелерди иликтөөгө алды.

Кыргызстандын тарыхындагы эң кымбат делген парламенттик шайлоодон бери туура тогуз ай өттү. Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы азыр эки айлык каникулга кетти. Шайлоо алдында тоону томкоруп, ойду омкорчу талапкерлердин, эл үчүн керек болсо өлүп берем деген партия лидерлеринин убадалары кайда калды? Же добуш алуу үчүн гана айтылган тоодой убадалар, популисттик демилгелерге алмаштыбы?

Эл өкүлдөрүнөн эмне кылдың деп сурап отчет алган жан жок. Шайлоочунун баары эле алданганын туйганбы, айтор эмки шайлоону гана күткөнсүп тымпыйганы тымпыйган. Чындап эле 6-чакырылыш депутаттары 1-сессияда эмнеси менен элдин эсинде калды? Кандай мыйзам чыгарып, канча токтом токуду?

4-октябрдагы шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу бир жаран – бир добуш принцибине жакыныраак өттү деп кудуңдап, биометрикага рахмат айтып келебиз. Бирок эл ишенимин алдым деген депутаттардын башка бир нече адам үчүн добуш берүүсү сүйүнүчтү көпкө узатпайт. Же эмне парламентте бир эле депутат - бир нече добуш деген принцип өкүм сүрөбү? Мандат ээлери мыйзам жазбаса да эмне үчүн жок дегенде добуш берүүгө келишпейт? Эмнеге башкалар үчүн добуш берүү өнөкөтү тыйылбайт?

Баса, шайлоо алдында дээрлик бардык партиялар депутаттарга каралган артыкчылыктардан толук баш тартып, керек болсо элесепет тээп, жаңы конуштарда арзан батирлерде жашоого да даяр экенин жар салып жиберишкен. Шайлоодон соң бирден жардамчыдан кыйылып атып араң баш тартышты. Кызматтык унаа минбейбиз дешкени менен эл эсебинен берилчү бекер майдан баш тартканы боло элек.

Артыкчылыктардан баш тартуу аракетинин сөзү чоң болгону менен үнөмдөлгөн каражат болгону 50 миллион сом экенин угуп, капа болгондор арбын. Депутаттын өзүн эле калтырып, калганынын жоюш керек деген “Республика Ата-Журт” фракциясынын демилгесин элге жагынуу катары баалагандар басымдуу. Ооба, депутаттар мугалим же врачтар сыяктуу эле тапкан-ташыганын батир акысына төлөп, эл эсебинен күн кечирүүнү токтотсо жакшы болмок. Велосипед же коомдук транспорт менен жүрсө, бир топ каражат үнөмдөлмөк деңизчи. Бирок мындай демилге артында шайлоочуга жагынуу эле эмес, парламентаризмди алсыратып, кайрадан президенттик башкарууга кайтуу аракети жатат дегендер да жок эмес.

Парламенттеги ыксыз демилгелер
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

XS
SM
MD
LG