Ош шаарындагы Отуз-Адыр каналына агып кеткен жети жаштагы баланын сөөгү Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү суудан табылды.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы бала он чакырымга чейин агып барганын билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, маркум 28-июнда сууга агып кеткен.
Алгач милиция кызматкерлерине белгисиз адамдар аны күч менен машинеге салып, белгисиз жакка алып кеткени тууралуу кабар түшкөн.
Бирок иликтөөдө ал маалымат жалган болуп чыккан. Сууга агып кеткен баланын агасы ата-энесин алдап койгону аныкталган. Эки бир тууган ата-энеси тыюу салганына карабай каналдагы сууга түшүү үчүн барганда, кенжеси сууга агып кетип, улуусу корккондон "аны белгисиз адамдар алып кетти" деп айтканы кабарланды.