Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:53

"Айкөл Ала-Тоонун" жетекчилерине кылмыш иши козголду


Мээрбек Мискенбаев.
Мээрбек Мискенбаев.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы "Айкөл Ала-Тоо" жана "Апрель баатырлары" коомдук бирикмелеринин жетекчилерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыш ишин козгоду. Башкы прокуратурадагы ишенимдүү булактар "Азаттыкка" билдиришкендей, кылмыш иши боюнча материалдарды прокуратура топтоп, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) өткөрүп берген.

Маалыматка караганда, алар апрель окуясынын катышуучуларын социалдык колдоо үчүн 2,1 миллиондон ашык сомго бааланган көмүрдү өөнөгөн деп айыпталууда. «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмесин 2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн. ​Аны КСДП партиясынан парламентке депутат болуп, былтыр мандатын тапшырган Мээрбек Мискенбаев жетектеп, орун басарлык кызматты Амантур Жамгырчиев ээлеп келген.

Мискенбаев "Айкөл Ала-Тоо" коомдук бирикмесинин жетекчилигинен жана "Мегаком" компаниясындагы кеңешчи кызматынан апрелде кеткенин "Азаттыкка" маалымдады. Анын айтымында, азыр "Айкөл Ала-Тоону" Амантур Жамгырчиев башкарууда.​

Быйыл апрелде“Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурган.​ (NT)

XS
SM
MD
LG