Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:11

“Айкөл Ала-Тоо” коому экиге бөлүндү


Иллюстрациялык сүрөт.

2010-жылы 7-апрелде борбордук аянтта жарадар болгон жарандар түзгөн “Айкөл Ала-Тоо” коомунан 78 киши бөлүнүп чыгып, өз алдынча “Айкөл таза коом” уюмун уюштурду.

Бул уюмдун расмий өкүлү жана юристи Кубанычбек Тажибаевдин айтымында, буга соңку мезгилде Мээрбек Мискенбаев башында турган “Айкөл Ала-Тоонун” жетекчилигинин "мамлекетке жана коомго зыяндуу бүлгүнчүлүк иш-аракеттери" себеп болду.

Ошондуктан Мээрбек Мискенбаевдин соңку кадамдарына макул болбогон "апрелчилер" коомунун мүчөлөрү өз алдынча уюм түзүп, чыгып кетишти. Бул уюм саясатка аралашып, кандайдыр бир саясий партиянын камчысын чапкан саясий курал болуудан оолак боло турганы анын уюштуруу жыйынында бекитилген.

“Айкөл таза коом” уюмунун расмий өкүлү Кубанычбек Тажибаев аталган уюмдун өзөгүн кимдер түзгөнүн мындайча белгиледи:

- Оор жарадар болгон 1,2,3-топтогу майыптар Мискенбаевден бөлүнүп чыгып, өз алдынча коом ачтык. Бул уюмга чачмадан эмес, чыныгы октон жарадар болгон 78 жигит мүчө болуп кирди. Коомдук бирикменин уюштуруу жыйыны болуп, жаңы уюмдун атын “Айкөл таза коом” деп атадык. Буга чейин биздин балдарды Мискенбаев тиякка-биякка колдонуп келген. Анан ага окшогондордун аркасында иштер болсо, алар “курал” болуп кетишет экен да. Ошондуктан кайсы бир саясий партиянын куралына каршы болгондор өзүнчө бириктик.

“Айкөл Ала-Тоо” коомун 2010-жылы апрель окуясынын катышуучулары түзгөн. Коомдун төрагасы Мээрбек Мискенбаев өткөн айда президент Жээнбековго шарт коюп, өзүнүн партиялашы, бир тууган иниси Асылбек Жээнбековду депутаттык мандатын тапшыруусун талап кылган. (KJ/ZKo)

Апрель окуясы: талаштуу тасма
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:06 0:00

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG