Линктер

шаршемби, 14-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 23:59

Казакстан менен Кытай Хоргосто плотина курат


Кытай менен Казакстандын желектери.

Хоргос дарыясында сел тосуучу “Чукурбулак (Алмалы)" плотинасын курууда Кытай менен кызматташтыкты караган келишимди ратификациялоо мыйзамына президент Нурсултан Назарбаев 29-июнда кол койгонун Ак ордо кабарлады.

Эки өлкөнүн Хоргостогу плотинаны биргелешип куруу боюнча келишими 2017-жылы, 8-июнда Астанада кабыл алынган.

Документке ылайык, плотина эки өлкөнүн орток менчиги болот. Курулуштун чыгымын эки тарап 50-50% өлчөмүндө тең көтөрөт.

Плотина курулушуна байланышкан иштерди координациялоо үчүн эки тарап биргелешкен комитет да түзөт. (UE)

XS
SM
MD
LG