Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:21

Ошто блогер "Ютубга" чыгарган тасмасы үчүн милицияга чакырылды


Адыл Акжол уулу.
Адыл Акжол уулу.

Ошто журналист жана блогер Адыл Акжол уулу YouTube порталына жарыялаган видеого байланыштуу милицияга суракка чакырылды. Ал 30-июнда "Азаттык" радиосуна билдиргендей, подполковник Таирбек Уларовдун өлүмүнө айыпталгандардын жакыны - Наргиза Ражабованын чындык сурап, ыйлаган учуру тартылган тасманы Интернетке чыгарганы үчүн милицияга чакырылган. Видео Интернетке 7-июнда жарыяланган болчу.

Акжол уулу милицияга чакырылып, тергөөчү Сүйүн Канаев ага орой мамиле жасап, коркутканын айтты.

Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков блогер суракка чакырылганын бышыктады. Анын айтымында, маркумдун жакындары ал жарыялаган видеого нааразы болуп арыздангандыктан Адыл Акжол уулу суракка чакырылганын белгиледи.

- Тергөөчүнүн орой мамилеси тууралуу жетекчиликке маалымдалды. Кызматтык иликтөө жүрөт,- деди Сыдыков.

Адыл Акжол уулу видеону журналист эмес, блогер катары өз каналына жарыялаганын, маркумдун жакындарынын позициясын да чагылдырууга даяр экенин билдирген. Анын YouTube порталындагы каналында 100 миңден ашуун көрөрманы бар.

Таирбек Уларовдун сөөгү былтыр 23-мартта Ош шаарына караштуу Учар айылында көчө боюнда токтоп турган машинеден табылган. Көп өтпөй Ош шаардык ички иштер башкармалыгы ал башына тийген катуу соккудан өлгөнүн, кылмышка шектүү катары бир үй-бүлө мүчөлөрү - жубайлар Дамир Шабыралиев менен Наргиза Ражапова, аялдын иниси Мурат Ражапов менен өспүрүм уулу кармалганын жарыялаган.

Кийинчерээк эне-бала абактан бошотулуп, калган экөө "киши өлтүргөн" деген кине менен камалган. Ош шаардык соту Шабыралиевди 18 жылга, Мурат Ражаповду жети жылга эркинен ажыраткан. Соттолгон тарап муну куру доомат деп келүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG