Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Израил менен Иордания сириялык качкындарды кабыл албайт


Бозгундарга тигилген чатырлардын бири.
Бозгундарга тигилген чатырлардын бири.

Израил жана Иордания сириялык качкындарды кабыл албай турганын жарыялашты. "Reuters" агенттиги аскердик серепчилерге таянып билдиргендей, калабадан улам Сириядан качкан 120 миңден ашуун адам Израил жана Иорданияга чектеш аймактарда турушат.

Президент Башар Асаддын армиясы өлкө түштүгүндөгү Дараа аймагында жикчилдерге каршы күрөшүүдө. БУУ байкоочулары жана маалымат каражаттары ондогон жайкын тургундар мүрт кеткенин билдиришти. Кырдаал тынч эмес болгондуктан, аймакка азык-түлүк жана зарыл каражаттарды алып кирүүдө түйшүк жаралды.

Өткөн түнү Израил армиясы качкындарга гумжардам жөнөткөнү маалымдалды. Израил бозгундарга көмөк көрсөтүүнү улантарын, бирок өлкөгө кабыл албай турганын билдирди. Иордания да ушундай турумда.

Сирияда 2011-жылы башталган калабадан бери миңдеген өмүр кыйылып, жүз миңдеген кишилер мекенин таштап кетти. 2014-жылдан бери АКШ башында турган эл аралык коалиция Сириядагы радикал исламчылдарга каршы күрөш жүргүзүүдө. 2015-жылдын күзүндө Орусия да Сирияга аскер киргизген. Эл аралык коалиция Башар Асаддын режимин колдойт деп Москваны бир канча жолу айыптаган. Батыш Асадды адам укуктарын одоно бузган деп күнөөлөп келет.

XS
SM
MD
LG