Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Футбол: Швеция өкмөтү чемпионатты бойкот кылууну токтотту


Швециянын курама командасы.

Орусияда өтүп жаткан дүйнөлүк футбол чемпионатында Швеция командасы плей-оффко чыккан соң Стокгольм таймашты бойкот кылууну токтотту.

Швециянын тышкы иштер министри Маргот Валлстрём Британияга тилектештик иретиндеги бойкот чемпионаттын ачылышына гана таандык болгонун белгиледи. Ал бойкотту токтотуу чечими Дания жана Британия менен макулдашылганын билдирди.

Дүйнөлүк чемпионаттын алкагында 1-июлда Швеция менен Швейцария футболчулары күч сынашат. Команданы колдоо үчүн швед өкмөтүнөн Орусияга ким барары азырынча белгисиз.

Британияда орусиялык тыңчы Сергей Скрипаль менен кызынын ууландырылганына байланыштуу Стокгольм Лондонго тилектештик иретинде Орусиядагы чемпионатты бойкот кылган эле.

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG