Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:07

Трамп Путин менен сүйлөшчү маселелерди атады


Путин менен Трамп G-20 саммитинде жолуккан кез. 2017-жыл, июль, Германия.

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушууда Украина, Сирия маселеси жана шайлоо темасы талкууланарын билдирди.

Трамп журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, "Мен аны менен бардык нерсе жөнүндө сүйлөшөм. Украина, Сирия, шайлоо тууралуу сүйлөшөбүз. Биздин шайлоолорго башкалардын кийлигишүүсүн каалабайбыз,- деди.

Аннексияланган Крымды Орусиянын аймагы деп таануу боюнча суроого "көрөбүз" деп жооп берди.

Трамп менен Путиндин жолугушуусу 16-июлда Хельсинкиде болот. Бул - эки лидердин алгач ирет атайын уюштурулган жолугушуусу. Мурда эл аралык жыйындардын алкагында жана телефон аркылуу сүйлөшүшкөн.

XS
SM
MD
LG